Өзүн-өзү баалоо

2. Минималдуу талаптардын аткарылышын талдоо жана тастыктоочу база
Өзүн-өзү баалоо үчүн критерийлер Өзүн-өзү баалоонун натыйжалары Тастыктоочу база
1. БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫНЫН МАЗМУНУ ЖАНА ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК КАМСЫЗДАЛЫШЫ
1.1 Окуу планынын жана программалардын билим берүү стандартынын, базистик окуу планынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсү. Билим берүү программалары инсандын жалпы маданиятын калыптандырууга жана коом турмушуна ыңгайлашуусуна жана өздөштүрүүнүн пайдубалын түптөөгө багытталган. Мектепте жалпы билим берүү программаларынын төмөндөгүдөй түрлөрү менен иш алып барылат.
— Мектепке чейинки билим берүү;
— Башталгыч жалпы билим берүү;
— Негизги жалпы билим берүү;
— Орто жалпы билим берүү;
— Кошумча билим берүү;
Билим берүү программалары окуп жаткандардын муктаждыктарын жана мүмкүнчүлүтөрүн эске алуу менен күндүзгү ошондой эле ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларды үйүндө окутуунун мектептик билим берүү формаларында өздөштүрүлөт. Билми берүү уюму Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жарым жартылай же толук көлөмдө билим берүү программасын ишке ашыруу үчүн пандемия шартында дистанциялык билим берүү технологиясын колдоно алат. Окутуунун расмий жана эл аралык тилдердин бирин үйрөнүшү үчүн шарттарды түзөт. Мектептеги билим берүү процесси билим берүү уюмунун уставы аркылуу жүргүзүлөт. Мектептик билим берүү тутумунун негизги звеносу болуп саналат жана 3 баскычты камтыйт.
— Жалпы башталгыч — 1-4-класстарды
— Жалпы негизги — 5-9- класстарды
— Орто жалпы -10-11- класстарды.
Окуу планынын жана программалардын билим берүү , базистик окуу планынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсү мамлекеттик билим берүү стандарты менен жөнгө салынат. Б.а
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы №403 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык билим берүүчү уюмдун ишин жөнгө салуучу бекитилген локалдык ички актлар.
 Билим берүү уюмунун уставы;
 Билим берүүнүн программасы;
 КРББиМ тарабынан бекитилген БОП;
 Билим берүү уюмунун уставы;
 Мектептин ички эрежелери;
 Мугалимдердин ар намыс кодекси;
 Камкордук кеңешинин жоболору;
 Ата-энелер комитетинин жоболору;
 Окуучулардын билим сапатын баалоо боюнча жоболор;
 Мониторингдер боюнча жоболор;
 Мектептин 5 жылга түзүлгөн Стратегиялык планы;
 Ар бир окуу жылына түзүгөн мектептин иш планы;
 ОТИБдоб, МжКТИУБдоб, Соц педагог жана чарба бөлүмүнун башчысынын, УБнын жылдык пландары;
 Мектеп парламентин планы;
 Класс жетекчилердин планы;
 Чейректик жана жылдык отчеттор 2018-2021 жж;
 Аткарылган иштердин анализи;
Жогоруда көрсөтүлгөн документтерди комиссия карап, текшерип чыгып мектептин ишин жөнгө салуучу ички локалдык актлар Мамлекттик стандартка жана билим берүүнүн мыйзамдарына жооп берет. Мектептин ишин жөнгө салуучу ички локалдык актлар мектептин паспорту
Мамлекеттик актлар жана көрсөтүлгөн документтер

Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндөгү мыйзамынын 5- беренеси.

11-берене

14-берене

Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндөгү мыйзамынын 6- беренеси.
10-берене

16-берене

Кыргыз Респубилкасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы №403 токтому менен бекитилген.
Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандарты.
1.2 Окуу-методикалык камсыздоонун билим берүү стандартынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсү. Окуу-методикалык пландар жыл сайын Нарын шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан бекитилет. Мамлекеттик стандартка, талаптарга жана керектөөчүлөргө ылайык келет. Ата-энелердин суроо талаптарына, муктаждыктарына жана алардын керектөөсүнө ылайык окутуунун мамлекеттик стандартындагы баскычтарына шайкеш келген билим берүүнүн жана бүтүрүүчүнүн модулу катары үлгүдө иш алынып барылат. Буга негиз болуп окуу жылынын жыйынтыгы менен мектептин билим берүүсүнүн алсыз жана күчтүү жактарын талдоо менен жаңы окуу жылына карата окуучулардын жана ата-энелердин суроо талаптарына жараша БОПтогу мектеп компонентинин, ийрим иштеринин приоритеттүү предметтерге бөлүнүп берилиши каралган. Окуу планы НШБББ тарабынан бекитилген
№1 жалпы ата-энелер чогулушунун токтому,
2020-ж 30.08 №1 пед кеңешменин токтому
ага ылайык директордун буйругу
1.3 Жетиштүү маалыматтык ресурстардын (окуучулардын контингентине, анын ичинде окутуу тилдерине карата окуу- методикалык адабияттардын фонду) болушу Бир компьютердик классы (жалпы компьютердин саны 7 даана, жетишээрлик эмес) 1 интерактивдүү доска, 5 принтер, 2 сканер, 3 проектор. 1 электрондук китепкана компьютерлер (жаңыртууга муктаж) жогорку ылдамдыктагы оптоволокно интернетине кошулуп КРББиМ тарабынан каржыланат. Башталгыч класстар үчүн (ЮСАИД) тарабынан “Бирге окуйбуз” долбоору ишке кирип кабинет жазалган, аты аталган кабинетте 987 жаш өзгөчөлүгүнө жараша адабий окуу китептери коюлган. Окуу залында жалпы китеп окуу үчүн 30 орун каралган (көмөктөшкөн ата-энелер, демөөрчүлөр). Мектепте мугалимдер жана окуучулар үчүн уюштурулган 25 орундуу окуу залы бар. Жалпы мектепте китепкана фондунда 11100 китеп бар. Анын ичинен предметтик окуу китептер 6184.
Кыргыз класстары үчүн-2722, 82,2% камсыз болгон,
Орус класстары үчүн-3462, 54.9% камсыз болгон.
Жалпы класстардын предметтик окуу китептери менен камсыз болушу- 68,5%, ал эми
14,5% Ата-энелер тарабынан камсыз болгон.
Адабий китептердин саны-4916
КРББиМ тарабынан жыл сайын мезгил-мезгили менен предметтик окуу китептери толукталып жаңырууда. Бүгүнкү күндө кызматташып жаткан эл аралык уюмдар болуп саналган Ага-Хан, Мэрсико, GIZ фонддору аркылуу кесипке багыт берүү , таза колдор, ден соолук, сангигиена , улуттук баалуулуктар темасындагы окуу-методикалык китептер, адабияттар, постерлер менен камсыз болгон. Китепкана, Окуу залы, “Бирге окуйбуз” долбоору, Электрондук китепкана сайты
Жаңы китеп базасы ОШ-1, Д-10
отчеттуулугу автоматташтырылган
1.4 Билим берүү программасынын жана окуу-методикалык камсыздоонун мазмунун жакшыртуу максатында кызыкдар тараптардын күтүүлөрүн, жана канаттануусун мезгилдүү баалоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун колдонуудагы механизминин болушу. Билим берүү программасынын жана окуу-методикалык камсыздоонун мазмунун жакшыртуу максатында кызыкдар тараптардын күтүүлөрүн, жана канаттануусун мезгилдүү баалоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоо КРББиМ “Келечек үчүн окутуу” долбоорундагы кызыкдар тараптардын өз ара таасир этүүнүн планындагы концепцияларына ылайык укуктук нормативдик базасы менен камсыз болот жана андагы көрсөтүлгөн механизмдер менен ишке ашат. Кызыкдар тараптар болуп КРББиМ, финансы министрлиги, мугалимдер ата-энелер, окуучулар, коомчулук, ӨЭУ, өнүктүрүүчү өнөктөштөр эсептелет.
Маалыматты чогултуу жана баалоо менен мурунку жылдын планын аткарылган ишердин отчетторун кызыкдар тараптар менен анализдеп келээрки жылга оңдоп түзөөлөрдү киргизип милдеттер аныкталат. Ар бир маалыматтын соц тармактарда, веб сайттарда, электрондук күндөлүктөрдө, мамлекеттик аттестациялоо жоболорунда конфеденциялдуулук камсыз кылынат. Тиешелүү адамдар гана базага кире алышат. Окуучулардын майыптуугу, ден соолугунун квалификациялары жайылтылып айтылбайт. Пед кеңештин чечимдери, ата-энелер чогулуштардын токтомдору, Кызыкдар тараптардын отурумдардын токтомдору, мониторинг жана отчеттордун жыйынтыгы

Күчтүү жактары:Мониторингдер өз убагында жүргүзүлөт. Окуу жылынын жыйынтыгы менен ар бир аткарылган иштердин, иш чаралардын натыйжасы талкууланып күчтүү жана алсыз жактары аныкталып, чечимдер кабыл алынат жана милдеттер коюлат. Ар бир чечимдердин өз убагында аткарылышы көзөмөлгө алынат.
Алсыз жактары:
-Окуу китептери менен камсыз болушу жетиштүү эмес. Айрыкча орус тилинде окутулган класстарда.
-Компьютерлердин жетишсиздиги. Көпчүлүгү жаңы программаларды кармай албайт.
-Окуу китептери менен камсыз кылуу боюнча ата-энелердин кызыкчылыгы жана жоопкерчилигинин аздыгы.
-Стратегиялык планды ишке ашырууда, каржылоо булактарынын жетишсиздиги же өз убагында чечилбей калышы.
2. КОМПЕТЕНТТҮҮ ОКУТУУНУ ИШКЕ АШЫРУУ ЖАНА ОКУУЧУЛАРДЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИН БААЛОО
2.1 Окутуунун пландаштырылган максаттарынын болушу. Окутуунун максаттары педагогдор аркылуу мамлекеттик стандарттардын негизинде окуучулардын позизиясында коюлат. Сабактарда окутуучулар тарабынан негизги жана предметтик компетенттүүлүктү камсыз кылуу боюнча максаттарга жетүү үчүн төмөндөн жогору карай , жөнөкөйдөн татаалга өтүү ыкмасы менен пландалат. М: продуктивдүү, репродуктивдүү, креативдүү деңгээлге жетүү.
Мамлекеттик стандарттардын талабына ылайык сабактын максатын коюууда алгач күтүлүүчү натыйжага жетүү үчүн билем, билгим келет, билдим ыкмалары аркылуу окутулат. Бул ыкмалар класстан тышкаркы иш чараларды өтүүдө дагы колдонулат. Окутуунун пландаштыруу, максатын коюууда негизги басым окуучулардын компетенттүүлүгүн камсыз кылуу жана баалоого жасалат. Сабактын планы жана Сабактын анализдөө картасы
2.2 Окутуу-тарбиялоо процессинде инновациялык технологияларды жана методдорду колдонуу. Мугалимдердин 72% ы компьютердик техникаларды колдонууну билет жана 68% аларды системалык түрдө колдонууну билишет:
• Сабакты даярданууда компьютер жана интернет;
• Проектор
• Интерактивдүү доска
• Окуучулардын өз алдынча иштөөсү үчүн аларга изденүүгө, анализдөөгө, интернеттеги маалыматтарды алууга , тапшырмаларды аткарууга, презентацияларды даярдоого тапшырмаларды бере алат
• Педагогдор жана окуучулар тарабынан маалымат технологияларды колдонууга үйрөнүү үчүн компьютер классында интернетке кошулуп, пайдалануу графиги түзүлүп жеткиликтүүлүк камсыз болгон.
• Гаджеттердеги окуу процессине тиешелүү мобилдик тиркемелерди пайдалана билүүсү үчүн информатик мугалимдери, УБ жетекчилери, МКТны мыкты өздөштүргөн мугалимдер тарабынан тренингдер өтүлүп турат.
• Пандемия шартында аралыктан окутууда мобилдик тиркемелер менен иштей билүүсүнүн натыйжасында видео сабактардын топтому даярдалып, мыкты делген видео сабактар шаардык ББ бөлүмүнүн ютуб каналына жүктөлүп турат.
Видео сабактардын шилтемелери, мектеп интернетин пайдалануу боюнча мугалимдер жана окуучулар үчүн түзүлгөн график.
2.3 Окутууну баалоодо жана корректировкалоодо кайтарым байланыш механизминин болушу. Мектепте системалык түрдө өз ара сабака катышуу жана усулдук бирикме жетекчилери, насаатчы мугалимдер, ОТИБДОБ менен биргеликте сабактарга катышуу , анализ берүү ыкмасы практикаланат. Пландалган ачык сабактарга жаш мугалимдер чакырылып, ар бир сабактын аягында сабак өткөн мугалимдин предмети боюнча өзүнө өзү анализ берүүсү угулуп, күчтүү жана алсыз жактары аныкталып, усулдук жактан кеңештер берилет. Мектеп администрациясы мугалимдердин сабактарына катышып, УБ, предметтик мугалимдер менен биргеликте анализ берилип бааланат. 2020-2021-окуу жылынын ичинде ОТИБДОБ тарабынан реалдуу режиминде окуп баштаган мезгилден бери 48 сабакка катышты. Ал эми аралыктан окутуу мезгилинде мобилдик тиркемелер аркылуу уюштурулган конференцияларга, тренингдерге, сабактарга 100дөн ашык жолу катышып анализделип, усулдук жактан сапатын жакшыртуу боюнча сунуштар айтылды.
Мугалимдердин сабактарына анализ берүү үчүм мектеп администрациясынын УБ жетекчилеринин, насаатчы мугалимдердин сабака катышуу дептерлеринин жана анализдөө баракчаларынын формалары, комплекстүү карталары иштелип чыккан. Формасы жалпы пед кеңешмеде талкууланып кабыл алынган, жана шаардык ББ бөлүмүнүн усулдук кабинетинин кызматкерлери тарабынан сунушталган формасы дагы колдонулат.
Сабактын планы , Сабактын анализдөө картасы,
Мектеп администрациясынын, мугалимдердин , УБ жетекчилеринин, насаатчы мугалимдердин сабактарга анализ берүү дептерлери жана карталары.
2.4 Билим берүү стандартынын талаптарына ылайык окуудагы жетишкендиктерди баалоонун объективдүү жана ачык- айкын системасынын болушу. Окуучулардын окуудагы жетишкендиктери боюнча баалоонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу боюнча куралдары иштелип чыккан. М: чейректин ,окуу жылынын аягында ата-энелер чогулушунда талкууланып, отчеттору берилип турат. Билим берүүнүн талаптарына ылайык билиминин, предметтер боюнча алган баалары, мектептен класстан тышкаркы иш чаралардагы, спорттогу, олимпиададагы, сынактардагы, тесттердеги жетишкендиктерди баалоонун объективдүүлүгү жана ачык-айкындуулугу системалуу түрдө электрондук күндөлүк аркылуу ар бир ата-энеге мобилдик тиркеме аркылуу жеткиликтүү болушу камсыз болгон.
Чогулуштардын токтомдору, электрондук күндөлүк, окуучулардын жетишкендиктери боюнча сертификаттар, грамоталар
2.5 Окуучуларга баалоонун колдонулуучу эрежелери, жол-жоболору жана жыйынтыктары, ошондой эле аларды кайра кароонун жол-жоболору жөнүндө маалымдоо системасынын болушу. Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо жол-жоболорунун жана баалоо эрежелери жана куралдары үчүн критерийлери иштелип чыккан. М: окуучулардын жетишкендиктерин баалоо, алардын сабактарды өздөштүрүүсүнүн негизинде жөндөмүнө, өздөштүрүсүнө, жазуу иштеринин натыйжасына жараша, активдүүлүгүнө, шыктандыруу, мотивациялоо ирээтинде да бааланат.
Баалоонун формалары катары диагноздоочу, калыптандыруучу, жыйынтыктоочу түрлөрү колдонулат.
Окуу процесси убагында окуучулардын билими өздөштүрүүсүнө, жазуу иштеринин, тесттердин, практикалык, лабораториялык иштердин, мониторингдердин жыйынтыгы менен бааланып чейректик баалары, ал эми анын негизинде жылдык баалары коюлат б.а. кезектеги аралыктан жыйынтыктоочу баалоо жүргүзүлөт.
Ошондой эле аларды кайра кароонун шартттары төмөндөгүдөй тартипте жүргүзүлөт: Бутүрүүчүлөрдүн мамлекеттик аттестациялоодогу бааларынын кайра кароонун жол жоболору, аппеляциялар КР ББиМнин мамлекеттик аттестациялоо боюнча буйругунун, жоболорунун негизинде жүргүзүлөт.
Окуучуларга жетишкендиктери тууралуу баалары өз убагында билдирилет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-ж 14.07 №403 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин Мамлекеттик билим берүү стандартынынын жоболоруна ылайык , чейректик, жылдык отчеттордо белгиленет, жалпы ата-энелер чогулушунун токтому, бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик аттестациялоого жиберүү алдындагы сабактарды өздөштүрүү ведомосту. Кызыкдар тараптардын кайрылуулары (эгерде кайрылса)
2.6 Коопсуз өнүктүрүүчү жана психологиялык жактан ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн камсыздоо, билим берүү процессинде ден- соолукту сактоочу ыкмаларын колдонуу. Психологиялык коопсуз чөйрө түзүү аспектиси катары социалдык коопсуздукту камсыз кылууда кызматкерлердин, окуучулардын, ата-энелердин укуктарынын чектелбеши, зомбулуксуз, толеранттуу чөйрөнү түзүү болуп саналат. Психологиялык коопсуз чөйрөнү камсыз кылуу үчүн мугалимдер арсында өз ара сый мамиледе болуу , мугалимдердин ар намыс кодекси иштелип чыгып, бекитилип, аткарууга алынат. Бул эрежелердин сакталышы үчүн педагогикалык кеңешмеде этика комиссиянын курамы түзүлүп иш алып барат. Мектепте профилдик комиссиялар түзүлүп анын курамында улуу кичүү муундагы педагогдор, кадыр барктуу кызматкерлер, гендердик теңчилик эске алынып, гумандуу мамиле кылуу каралган. Кызматкерлер, окуучулар арасында бири-бирине ырайымсыз мамиле кылуу, физикалык жактан күч колдонууга, ар намысына шек келтирүүгө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ар тараптан көмөк көрсөтүү, аяр мамиле кылууга басым жасалып, басынтууга тыюу салынган..
Сурамжылоо, анкеталар боюнча мониторингдин отчету. Пед кеңешменин токтому, ишеним кутучасы, жарандардын кайрылуусу, этика комиссиясынын токтому
Балдардын укуктары жөнүндө конвенциясы. Мугалимдердин ар намыс кодекси

2.7 Ички жана тышкы баалоонун, системалуу мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча окуучулардын натыйжаларынын динамикасы. Ички жана тышкы баалоонун, системалуу мониторинг жүргүзүү менен окуучулардын билим сапатынын деңгээлинин өсүшү же төмөндөшү динамикасын аныкталат. Ички баалоонун төмөндөгүдөй комплекстүү формасы пайдаланылат
• Кезектеги баалоо (күнүмдүк)
• Аралыктагы баалоо (чейрек ичиндеги жазуу иштери, тесттер)
• Жыйынтыктоочу баалоо (жылдык, мамлекеттик аттестациялоо)
Жогорудагыдай баалоонун негизинде ички мониторинг жүргүзүлөт,предметтер боюнча билим сапатынын деңгээлин аныктоого карата кесиндилер алынып, анализделип өсүү динамикасы аныкталат. Мамлекеттик аттестациялоо жыйынтыктарына талдоо жүргүзүлөт.
Тышкы баалоонун динамикалык көрсөткүчтөрү болуп
• ЖТРдин көрсөткүчтөрү
• Улуттук тестирлөө борборунун жыйынтыгынын көрсөткүчтөрү
• Шаардык, облустук, республикалык предметтик олимпиадалардын жыйынтыгынын көрсөткүчтөрү
• Маданий массалык жана спорттук иш чаралардын жыйынтыгы
• ЦООМО
• SECOM тестеринин натыйжалары
• “Алтын тамга” натыйжалары болуп эсептелинет.
Ички, тышкы баалоо мониторингинин натыйжасы менен алсыз жактары анализделип, кемчиликтерди жоюу боюнча жаңы окуу жылына карата тапшырмалар, милдеттер коюлат. Ал эми ички баалоонун негизинде чейректердин жыйынтыгы менен билим сапатынын пайыздык көрсөткүчтөрүнүн өсүү динамикасы байкалууда. Чейректик, жылдык билим сапатынын динамикасынын отчету
ЖРТ,предметтик олимпиадалардын,
• ЦООМО
• SECOM тестеринин көрсөткүчтөрү.

2.8 Кызыкдар тараптардын кайрылууларына жана арыздарына таасир этүүнүн иштелип чыккан жана ишке киргизилген жол-жоболорунун болушу. Жарандардын, кызыктар тараптардын,мугалимдердин кайрылууларына жана арыздарына таасир этүү боюнча төмөндөгүдөй шартта аткарууга алынат:Арыздар жана кайрылуулар регистрациялоо китебине жазылат, резолюциялар коюлат, кайрылуу жана арыздардын мазмунуна жараша тиешелүү кызматкерлер, тармактык бирикме башчылары же жекече тартипте, комиссия менен биргеликте териштирилип каралат. Жообу кат жүзүндө же электрондук дарек аркылуу жиберилет. Купуялуулук сакталуу үчүн мектеп ичинде ишеним кутучасы уюштурулган. Жарандардын, кызыктар тараптардын кайрылууларын жана арыздарын регистрациялоо үчүн каттоо китеби уюштурулган.
Комиссиянын отурумдарынын токтомдору, кайрылуулардын мүнөзүнө жараша директордун буйруктары
Күчтүү жактар:

— Сабактарга анализ берүү комплекстуу картасынын үлгүсү иштелип чыккан.
— Баалоонун критерийлери иштелип чыккан.
— Негизги басым окуучулардын компетенттүүлүгүн калыптандырууга багытталган.
— Гаджеттеги тиркемелер менен иштей алышат.
— Өз ара сабакка катышуу дептерлери уюштурулган.
— Мектеп администрациясы, усулдук бирикме жетекчилери, насаатчы мугалим тарабынан мугалимдин сабагына катышып турат. Талкуу жүргүзүлөт,усулдук жактан көмөк көрсөтүлүп, кеңештер айтылат. Мотивацияланат.
— Баалоодогу ачык айкындуулук системалашкан.
— Баалоонун көп түрдүүлүгү колдонулат.
— Кайра кароо (аппеляция) шарттарынын жоболоруна ылайык аткарууга алынат. Өз убагында чечимдер кабыл алынат.
— Психологиялык жагымдуу чөйрө түзүлгөн.
— Мугалимдин, окуучулардын, ата-энелердин арасында бирин-бири сыйлоо, урматтоо мамилелери калыптанган.
— Дискриминация, басынтуулар жокко эсе. Этика комиссиясы өз ишин мыкты аткарат.
— Ички каршылыктар, ырайымсыз мамилелер, зомбулуктар жок.
— Өсүш динамикасы орун алган.
— Кайрылууларга өз убагында чаралар көрүлөт жана жол жоболору жөнгө салынган.
— Кайрылууларга жооп берүү формалары жөнөкөйлөштүрүп, кызыкдар тараптарга жооп берүү жолдору ыңгайлуу жолго салынган.

Алсыз жактар:
-МТБ чыңдоого муктаж.
-Компьютерлерди толуктоо, жаңылоо керек.
-Ата-энелер, окуучулардын кайтарым байланышка чыгуусу пассивдүү болуп эсептелинет.
-Окуучулар интеренеттен окуу процессине тиешеси жок маалыматтар менен алектенишет жана бул боюнча ата-энелер көпчүлүк учурда көзөмөлдөшпөйт.
3. КАДРДЫК САЯСАТТЫН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮ
3.1 Штаттардын комплекттелишинин, педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билиминин билим берүү программасына шайкеш келүүсү Штаттык комплектилөө КР ББИМнин БОПто көрсөтүлгөн предметтерге карата алдын ала окуу жылынын аягы менен, ал эми окуу жылынын башталышы менен жыйынтыктоочу тиешелүү кадрлар мугалимдердин жумалык жүктөмдөрүнүн минималдуу босого талаптарына ылайык жүргүзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы №336 токтому менен бекитилген штаттардын санынын типтүү структарасынын негизинде комплектиленет.
Педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билиминин ошондой эле адистигинин билим берүү программасына шайкеш келүүсү боюнча төмөндөгүдөй тартипте аткарылат:
• Диплом,
• Адистиги,
• Кесиби,
• Кайра даярдоодон өткөндүгү боюнча сертификаттары,
• Дасыктык талабы,
• Окутуу тилдери,
Бүгүнкү күндө предметтерге карата кесиби, адистиги боюнча дал келген, кадрлар менен толук камсыз болгон. КР мыйзамдарынын Билим берүү мыйзамынын 28 беренеси. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы №336 токтому
Кызматкерлердин өздүк көктөмөлөру, билими тууралуу диплому.

3.2 Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу. Мектептеги физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү камсыздоо механизми боюнча КР ББиМнин Европа союзунун каржылоосу менен “Кыргыз Республикасындагы мектептик билим берүү чөйрөсүндө коопсуздукту механизмдерин өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Республика боюнча 12 пилоттук мектеп деп алынган. Пилоттук катары эсептелинген Нарын шаарындагы В.П. Чкалов атындагы №2 мектеп гимназиясынын базасында уюштурулган семинарга катышып анын негизинде мектепте төмөндөгү актуалдуу болгон аспектилер ишке ашырылган жана аткарууга алынган:
• Керектөөчүлөргө ориентацияланган бардык тобокелдерди минимизациялоо;
• Экологиялык коопсуздук -таза аба, суу, канализация, туура тамактануу, жогорку сапаттагы жарыктандыруу, энергоэффективдүүлүк, гүл бакча;
• Физикалык коопсуздук-өзгөчө кырдаалдардагы имараттын коопсуздугу, жабдуулардын коопсуздугу;
• Психологиялык жана маалымат коопсуздугу-дискриминациясыз, зомбулуксуз, толеранттуу чөйрө;
Окуу прцессиндеги коопсуздуктун объектиси катары конкреттүү түрдө бала болуп эсептелинет.
Мектептин негизги максаты: мектеп ичиндеги бала үчүн коопсуз чөйрөнү түзүү.Буларга байланыштуу мектепте эмгекти коргоо, эвакуациянын пландары , желдетүүчү шахталар, жарыктандыруулар, санитардык түйүндөр, канализациялар, электр жабдуулары, эмеректер, пандустар, лабораториядагы жел соруучу шкафтар, өрт өчүрүүчү шаймандар, жыл мезгилиндеги сезондорго карата жылуулук температурасы, таза аба, таза суу, ички жана тышкы ажаатканалардын , электр коопсуздугу, спорттук аянтчалар, мектептин айланасындагы люктар, тосмолор, жол белгилери, санитардык абал, видео көзөмөлдөө камералары, азык түлүктөрдү кабыл алуудагы бракераждоо,сактоо, иш орундар, кире бериштеги фильтрлөө, санитардык алгоритмди сактоо, санитайзерлердин абалы жакшыртылып, бардык кызматкерлерге, окуучуларга техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча инструктаждар өтүлүп, кол койдурулган,атайын журналдар ачылган. Мектеп ичине Кыргызстандагы мектептеринин территориясын уюштурууга карата коопсуздук боюнча инфографика жана плакаттар илинген жана талаптар аткарууга алынган. Мониторинг жүргүзүү менен кооптуу делген объектилерди жакшыртуу боюнча ДАКгы техникалык кеңешменин отурумдарынын токтомдору.
Коопсуз чөйрөгө байланыштуу мектеп ичиндеги постерлер, сүрөттөр Кыргызстандын мектептеринин территориясын уюштурууга карата ченемдик талаптар,
Жалпы билим берүү уюмдарындагы окутуу шарттарына жана аны уюштурууга карата санитардык эпидемиологиялык талаптар.

3.3 Педагогикалык кадрларды үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү, алардын квалификациясын жогорулатуу жана мотивациялоо системасынын болушу. Мектепте педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу КРнын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамынын (29-берене) «Мугалимдин статусу» мыйзамынын (5-берене) КРнын Эмгек жөнүндөгү Кодексинин (195-196-беренелер) негизинде «педагогикалык кызматкер беш жылда бир жолу өзүнүн квалификациясын жогорулатууга милдеттүү» мыйзамына ылайык курска жиберүү пландаштырылып, Нарын Мамлекеттик Университетинин алдындагы педагогикалык жана жетекчи кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу борборунун графигинин негизинде курска баруу графиги түзүлгөн.
Ар бир окуу жылында пед жамаатын 20%дан кем эмес мугалимдер квалификациясын жогорулатып келүүдө, семинар, тренингдерге, квалификациясын жогорулаткан мугалим алган билимин жайылтуу максатында кайра пед жамаатка семинар, тренингдерди өткөрөт. Мындан сырткары ар бир мугалим бир чейректе 2 ден кем эмес ачык сабактарды өтүшү керек жана сабактарга катышкан мугалимдер, методисттер, администрация мүчөлөрү тарабынан сабакка анализдер берилет. Жаш мугалимдерге насаатчы мугалимдер дайындалып, кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү үстүндө иш алып барат. Мектептин кызматкерлерине мотивация берүү максатында, сыйлык тапшыруу, жогорку органдарга сыйлыкка сунуштоо каралган жана демөөрчүлөрдүн, кесиптик бирлик уюмунун жардамы менен акчалай жана белектер менен сыйланат. Эгерде иштеп жаткан мугалимдерин көрсөткүчтөрү комиссия тарабынан жакшы деп табылса түрткү берүүчү гранттын эсебинен жогорку балдар берилип ага жараша айлык маянасына кошумча үстөк төлөнүп берилет. Акыркы 3 жылда жалпы мугалимдердин 75% ы пландалган графике ылайык окуу курстарынан өтүп, сертификаттарын алышты. Ошондой эле онлайн режиминде республикалык, облустук, эл аралык маанидеги окуу курстарынан өтүшүп, жалпысынан 17 мугалим сертификаттарын алышты. Түртку берүүчү гранттарды ыйгаруу боюнча комиссиянын токтомдору,
Мугалимдердин кесиптик билимин жогорулатуу курска жиберүү графиги , насаатчылык боюнча план
КРнын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамынын (29-берене) «Мугалимдин статусу» мыйзамынын (5-берене) КРнын Эмгек жөнүндөгү Кодексинин (195-196-беренелер) негизинде «педагогикалык кызматкер беш жылда бир жолу өзүнүн квалификациясын жогорулатууга милдеттүү» мыйзамы

Мугалимдердин сертификаттары

Күчтүү жактар:
-Босого сааттарынын көрсөткүчтөрү сакталат.
-Педагогикалык, техникалык кызматкерлердин курамы толук камсыздалган.
-Адистиги, билими дал келет.
-Коркунучтар, тобокелчиликтер минималдашкан.
-Экологиялык, физикалык, психологиялык маалымат коопсуздугу алдын алынып жакшыртылган.
-Коопсуздук эреже боюнча инструктаждар убагында өтүлөт, колдору койдурулат, сактоо боюнча көзөмөлдөнүп турат.
-Билимдерин жогорулатуу боюнча иштер системалуу түрдө аткарууга алынып турат.
-Алдыңкы кызматкерлер сыйлыктарга көрсөтүлүп, мотивацияланат.
-Насаатчылык, усулдук кеңештер, жардамдар көрсөтүлөт.
Алсыз жактар:
-Жылуулук берүү системасындагы от казандагы көйгөйлөрдүн чыгышы.
-Жылуулук тутумундагы жабдуулардын эскилиги.
-Алдыңкы мугалимдердин маянасын жогору төлөгөн тармактарга кетип калуу тобокелчилиги.
-Коопсуз мектеп, чөйрө түзүүдөгү МТБ жетишсиздигинин негизинде келип чыгуучу көйгөйлөр.
4. МАТЕРИАЛДЫК ТЕХНИКАЛЫК БАЗА
4.1 Билим берүү процессинин катышуучуларына, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын, жайлардын жана материалдык ресурстардын (жабдылган окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класстар, спорт зал, актовый залы, медициналык пункт, ашкана), ошондой эле жашоо үчүн тиешелүү шарттары бар жатаканалардын (эгерде болсо) болушу.

Мектеп 1979 –жылы курулган, дубалы бышкан кирпичтен салынган, типтүү мектеп 3 кабаттуу. Проекттик кубаттулугу: 1100 окуучуга ылайыкталып салынган..
Мектептин айланасы тосулган. Мектепте суу тутуктѳрү толугу менен иштейт. Борбордук канализация кошулган, ички санитардык түйүндөр толук функцияда иштейт.
• Мектеп жогорку ылдамдыктагы оптоволокно интернеттине кошулган. Интернеттин тѳлѳмү Билим берүү жана илим министирлиги тарабынан каржыланат.
• Коопсуздуктун алдын алуу максатында мектепте сырткы жана ички видеокѳзѳмѳл камералары орнотулган.
• Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн пандустар курулган.
• Мектеп директорунун, окуу тарбия иштери боюнча орун басарларынын, уюштуруучунун, мектеп парламентинин, ИДНдин, соц педагогдун кабинеттери уюштурлган.
• мектепте педагогикалык кадрлар үчүн атайын методикалык кабинеттер жана техкаражаттар (компьютер, принтер, телевизор), шкафтар, мебелдер, wi-fi, методикалык окуу куралдар менен камсыз болгон;
• мектепте физика, химия, биология предметтери боюнча лабораториялык кабинеттер, тиешелүү техкаражаттары менен камсыздалган, география, тарых сабагы үчүн карталар жана глобустар жетиштүү;
• кенже тейлөөчү кызматкерлердин көмөкчү иш бөлмөсү, тех кызматкерлер үчүн көмөкчү иш бөлмөсү уюштурулган;
• Мектепте медициналык пункт толугу менен жабдылып, атайын адис иш алып барат.
• Мектепте 26 класс кабинет,
• 1.китепкана, 2 окуу залы
• 1 компьютердик класс: 7 компьютер менен камсыздалган Баардык компьютерлер жогорку ылдамдыктагы оптоволокно интернетке кошулган жана wi-fi таратылат, кабинеттер санитардык талаптарга жооп берет.
• Мектепте 5 принтер, 3 пректор, 1 видео камера, 1 санарип фотоаппараты бар.
• Мектепте спорт зал бар, спорттук аянтчада дене-тарбия шаймандары орнотулган.
• Мектепте мугалимдер, окуучулар үчүн ички жана сырткы ажаатканалар курулган жана, талапка жооп берет.
• Мектептин фасаддык бөлүктөрүндө окуучулар үчүн коопсуз ойноочу жана эс алуучу зоналар курулган. Көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери жүргүзүлгөн.
• Ошондой эле окуучулардын жол коопсуздугун алдын алуу максатында авто унаалар токтотуучу жайлар каралган жана жөө адамдар өтүү үчүн жол белгилери коюлган.
• Окуучулардын жана баардык кызматкерлердин ден-соолугуна кам көрүү максатында мектептин кире беришинде санитардык фильтрлөө уюштурулуп, окуу кабинеттеринде, залдарда, иш бөлмөлөрүндө жетиштүү санда санитайзерлер орнотулуп антисептик каражаттары менен камсыз болгон.
• Жылуулук системасы электр энергиясы менен жылытылып өзүнчө бөлмөгө орнотулган автономдуу от казандары менен иштейт.
• 1-4-класстын окуучулары ысык тамак берүүгө ашкана толук талаптарга жооп берет. Мерсико уюму жана ата-энелер менен биргеликте ысык тамак уюштурулган.
• Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга үйдө окуутуу боюнча ата-энелердин арызынын негизинде 2020-2021-окуу жылында 3 окуучуга мугалимдер бөлүнуп берилген. Ошондой эле бул категориядагы окуучулар жана жарандар үчүн мектептин сыртына, ичине талапка ылайык пандустар орнотулган.
• Мектептин ар бир кабатында суу түтүкчөлөрү жана ажаатканалар коюлуп ысык жана муздак суу чыгат, мектеп борбордук канализацияга кошулган.
• Башталгыч класстар үчүн (ЮСАИД) тарабынан “Бирге окуйбуз” долбоору ишке кирип кабинет жазалган, аты аталган кабинетте 987 жаш өзгөчөлүгүнө жараша адабий окуу китептери коюлган. Окуу залында жалпы китеп окуу үчүн 30 орун каралган (көмөктөшкөн ата-энелер, демөөрчүлөр). Мектепте мугалимдер жана окуучулар үчүн уюштурулган 25 орундуу окуу залы бар. Жалпы мектепте китепкана фондунда 11100 китеп бар. Анын ичинен предметтик окуу китептер 6184.
Кыргыз класстары үчүн-2722, 82,2% камсыз болгон,
Орус класстары үчүн-3462, 54.9% камсыз болгон.
Жалпы класстардын предметтик окуу китептери менен
камсыз болушу- 68,5%, ал эми
14,5% Ата-энелер тарабынан камсыз болгон.
Адабий китептердин саны-4916
• КРББиМ тарабынан жыл сайын мезгил-мезгили менен предметтик окуу китептери толукталып жаңырууда. Бүгүнкү күндө кызматташып жаткан эл аралык уюмдар болуп саналган Ага-Хан, Мэрсико, GIZ фонддору аркылуу кесипке багыт берүү , таза колдор, ден соолук, сангигиена , улуттук баалуулуктар темасындагы окуу-методикалык китептер, адабияттар, постерлер менен камсыз болгон.
• Демөөрчүлөр тарабынан тех кызматкерлер үчүн электр шаймандары жетиштүү өлчөмдө алынып берилген.
• Ийрим иштерин өтүү үчүн музыкалык апараттар, спорттук шаймандар менен камсыз болунган.
• Ички мүмкүнчүлүктөр менен мугалимдер үчүн бөлмөгө эмеректер сатылып алынган жана 92 партанын үстү, жана отургучтар жаңыртылды.
• МТБны чыңдоо боюнча мектептин планы, өнүктүрүүнүн стратегиялык планы иштелип чыгып, кабыл алынган. Жакшыртуу боюнча каражат булактары, чечүү жолдору иштелип чыгып аткарууга алынып жатат.
Жер участогунун мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө Мамлекеттик акт
Инвентаризациялоо китепчеси.
Эмеректердин паспорттору

4.2 Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо (экологиялык, санитардык эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы коопсуздук, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери) Экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер; суу, канализация, туура тамактануу, жогорку сапаттагы жарыктандыруу, энергоэффективдүүлүк, гүл бакча, санпин эрежелерине толук жооп берет.

Окуу — материалдык база коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча талаптарга жооп берет.
Мектептин айлана чөйрөсүнө бак дарактар тигилген , жана окуу кабинеттери, залдар көрктөндүрүлүп жашылдандырылган. Мектептин ар бир кабатында таштандыларды сорттоо үчүн кагаз, пластмасса, картондорго экологиялык таза урналар коюлган, таштандыларды мектеп тарабынан таштанды кабыл алуучу жайларга сорттолуп ,салмагы тартылып өткөрүлөт. Ар бир кабинеттерде коопсуздук эрежелери тактайчага илинген. Окуу жылынын башында ар бир окуучу инструктаждан өтүп, техникалык коопсуздук журналдарына колдору коюлат. Мектепте өрткө каршы кошуундар түзүлүп, эмгекти коргоо эрежелери иштелип чыккан жана окуучулар, тех кызматкерлер, мугалимдер инструктаждардан өтүп, атайын уюштурулган журналдарга колдору койдурулган. Ошондой эле мектетин алдында жана ар бир кабатында өрткө каршы шаймандар коюлуп, ар бир кабаттарда , чыгуучу эшиктерге эвакуация пландары илинген. Алгоритм санитардык эрежелерди сактоо боюнча коопсуздукту камсыз кылууга карата мектептин кире беришинде фильтрлөө уюштурулуп ар бир класс кабинеттеринде, залдарда, санитайзерлер, антисептиктер жана колдонулган маскаларды утилизациялоого карата контактсыз урналар орнотулуп, алар тиешелүү гана адамдар аркылуу эрежеге ылайык утилизацияланат. Жылдын сезонуна карата жылуулу температурасынын жана желдетүү эрежелерин аткарууга толук шарттар түзүлгөн. Дез.каражаттарын пайдалануу менен имараттагы бардык бөлмөлүрдү, залдарды, ашканаларды коопсуздандыруу иштери жүргүзүлөт. Графиги түзүлүп системалуу түрдө аткарууга алынат. Дез. каражаттары менен толук камсыз болуп колдонуу, даярдоо эрежелери сакталат. Ошондой эле мектептин ар бир кабатында кол жуугучтар, ажаатканалар жана электр кол кургаткычтар коюлган. Окуучуларга Камкордук кеңеши тарабынан бет каптар таратылып турат. Бардык кызыкдар тараптардан имараттын ичинде маскачан жүрүү талап кылынат. Мындан сырткары ар бир окуучу мектепке келе жатканда бет кап жана антисептик ала келүүсү жолго коюлган. Мектептин класс кабинеттеринде жана залдарда санпин талабына жооп берген энергия үнөмдөөчү лампалар коюлган. Санитардык жана өздүк гигиена боюнча окуучуларга класстык сааттарда сабактар өтүлүп жалпы линейкада түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат. Ар жуманын, айдын аягында дез. каражаттарды колдонуу менен генералдык жууп тазалоо иштери жүргүзүлүп көзөмөлдөнүп турат. Ашканада санпин эрежелерине жана экологиялык талаптарга жооп берген идиш аяктар, жабдуулар, шаймандар менен камсыз болгон. Техникалык коопсуздук эрежелеринин ченемдери иштелип чыккан инструктажан өтүү боюнча журналдар түзүлгөн. Эмгекти коргоо боюнча иш орундары аттестацияланып турат. Тиешелүү профилдеги тех. кызматкерлер Мамлекеттик экотех кызматкерлери тарабынан инструктаждан жана сынактан өтүп уруксат күбөлүгүн алгандан кийин гана ишке киришүүгө уруксат берилет. Окуу жылынын башында баардык кызматкерлер медициналык кароодон өткөндөн кийин гана ишке кирише алышат. Окуучуларды мед кароодон өткөрүү уюштурулган. Фильтрлөө учурунда мугалимдердин жана окуучулардын дене -табынын жогорулашы аныкталса, четтетилет жана тиешелүү жактарга билдирилет. Техникалык коопсуздук эрежелери ченемдери Өрт коопсуздугунун эрежелери кошуундун курамы, Турмуш тиричилик коопсуздук эрежерели. Коопсуздук эрежел
4.3 Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу. МТБны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча иштер талданып, бааланып, абалын жакшыртуу боюнча механизм иштелип чыккан. М: приоритет катары жакынкы аралыкта ресурстук борборду жана устакананы жабдуу иши пландалган. Ал эми маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча мектептин веб сайты, соц тармакта баракчалары иштелип чыгып жакшыртууга карата аларга мектеп ишмердүүлүгүнүн жетишкендиктери , алдыңкы тажрыйбалар, өткөрүлгөн иш чаралардын маалыматтары жайгаштырылып турат . Буга атайын кызматкерлер милдеттендирилген.
Мектепте жылына бир жолу материалдык-техникалык базаны инвентаризациялоо иштери жүргүзүлүп, анализденет. Билим берүү уюмунун материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн мектептин планы жана өнүктүрүүнүн стратегиялык планы иштелип чыгып аткарууга алынып жатат. Ошондой эле өнөктөштөр болуп эсептелинген ата-энелер, МЕРСИКО, GIZ, Ага-Хан эл -аралык уюмдары менен биргеликте, долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу аткарылууда. М: 2020-жылы Ага-хан фонду аркылуу бир класска эмеректердин комплектиси, 2018-жылы видео камералар, принтерлер, ноутбуктар, фотоаппараттар, маркердик доскалар,географиялык карталар ж.б берилген. МЕРСИКО уюму тарабынан ашкана толугу менен жабдылып , бардык инвентарлар алынган.
Материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн
• Долбоорлор аркылуу
• Демөөрчүлөр аркылуу
• Камкордук кеңеши аркылуу
• Республикалык бюджет аркылуу
• Жергиликтүү бюджет аркылуу.
• 10, 20, 30-жылдык бүтүрүүчүлөр аркылуу
• Жеке ишкерлер аркылуу
ишке ашырылат. Булардын негизинде акыркы 3 жылдын ичинде мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, жаңыртуу, жакшыртуунун деңгээли 30% өстү.
Маалымат ресурстарын топтоо, баалоо, талдоо жана жакшыртуу максатында акыркы 3 жылда төмөндөгүлөр менен камсыздалды:
• КР ББиМ аркылуу смарт экрандар
• КР ББиМ аркылуу интернет булагы оптоволокно тутумуна кошулду
• Соц тармактарга мектептин баракчалары ачылды
• Мектептин электрондук почтасы
• Мектептин веб-сайты иштелип чыкты
• Мектептин электрондук күндөлүгү жана журналы иштелип чыгып, алардагы маалыматтардын сакталышы, купуялуулугу боюнча конфеденциялдуулук камсыз болгон жана кызыкдар тараптарга жеткиликтүү болушу камсыз кылынган. Отчеттор
Мониторингдин жыйынтыктары
Көзөмөлчүлүк кенештин отчету.
Инвнтаризациялоо актлары, мектептин плана, өнүктүрүүнүн стратегиялык планы.
Күчтүү жактар:
-Жогорку ылдамтыктагы интернеттин болушу жана каржыланышы.
-Мектептин айланасы тосулуп, коопсуз болушу.
-Ички санитардык түйүндөрдүн толук кандуу иштеши
-1-4-класстардын ысык тамак менен камсыз болушу.
-ДМЧ окуучуларга үйдөн окутуу үчүн мугалимдердин бөлүнүп бериши.
-Ички мүмкүнчүлүктөр менен эмеректердин жаңырышы.
-МТБ чындоо боюнча стратегиялык пландын түзүлүшү жана аткарылышы.
-Экологиялык, санитардык абалдын аткарылышы. Таштандыларды сорттоонун колго алынышы, утилизацияланышы.
-Сан эрежесин сактоо боюнча кире бериштеги фильтирлөөнү уюштуруу жана алгоритмдин сакталышы.
-Камкордук кеңешинин маскалар менен камсыз кылышы.
-Эл аралык, ӨЭУ менен кызматташуунун натыйжалары.
-Инвестицияларды тартууга карата долбоорлорду ишке ашыруу.

Алсыз жактар:
-Лабораториялык шаймандардын, химиялык препараттардын жетишсиздиги.
-Мед.кызматкердин бөлмөсүндөгү жабдуулардын жетишсиздиги.
-Компьютердик кызматтардын жетишсиздиги жана алардын тез-тез бузулуп иштен чыгуусу сапатынын төмөндөшү.
-Антисептиктердин тез сарпталуусу, аларга болгон бааларынын кымбатташы.
-1-4-класска ысык тамакка бөлүнгөн акча каражатынын аз бөлүнүшү.
-Орус тилинде окутулган класстардагы окуу китептеринин жетишсиздиги.
-Эмеректердин, мебелдердин сапатынын төмөндүгү.
-Жарандардын, ата-энелердин санитардык алгоритмдерди сактабоосу.
-Тепловизорлордун жетишсиздиги жана сапатынын төмөндүгү, бааларынын кымбаттыгы.
-Имараттарды ремонттого каралган акча каражаттарынын аз бөлүнүшү.

Жүргүзүлгөн өзүн-өзү баалоонун негизинде комиссия ыйгарым укуктуу органда программалык аккредитациядан өтүү үчүн документтерди жиберүүну сунуштайт.

1. Комиссиянын төрагасы: Мектеп директору: Усубалиев Ашырбек _______________
2. Комиссиянын мүчөлөрү: Окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары: Кадыралиев Азат Нарынбекович____________
3. Мектептен жана класстан тышкаркы иштердин уюштуруучусу: Кудайбергенова Бактыгүл Камчыбековна_________________
4. Соц. педагог: Бектурганова Анара Абакировна ___________________
5. Мектептин чарба иштери боюнча директордун орун басары: Сеитов Бактыбек Султанович ___________________
6. Математика УБ башчысы: Алапаева Шааза Кулубаевна __________________
7. Информатика УБ башчысы: Ибраева Гүлбара Дүйшековна __________________
8. Кыргыз тили жана адабияты УБ башчысы: Калыкова Гүлзат Асеиновна __________________
9. Тарых жана адам коом УБ башчысы: Султанова Гулжан Жолдошбековна __ ________________
10. Баштаргыч класстарынын УБ башчысы: Эсенгулова Роза Исмаиловна __________________
11. Англис тили УБ башчысы: Сулатаналиева Айзат Жумабековна __________________
12. Сүрөт, кол эмгек, дене-тарбия УБ башчысы: Сатаров Болот Жумагулович ___________________
13. Орус тили жана адабияты УБ башчысы: Мырзабек кызы Айгерим ___________________