Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

1. Мектеп жөнүндө кыскача маалымат
Нарын шаарындагы К.Жакыпов атындагы №5 орто мектеби.
Мектеп 1979жылы 1-сентябрда ишке берилген. К.Жакыпов атындагы №5 орто мектеби Нарын шаарындагы С.Орозбак көчөсүндө жайгашкан. Мектептин имараты Нарын шаардык муниципалдык ишканасынын оперативдүү башкаруусунда турат. Уюштуруу укуктук формасы: Мекеме
Мектеп кыргыз жана орус тилдеринде билим берүүчү мектеп болуп саналат.
Мектепке тиешелүү микрорайон Мырзабеков көчөсүнүн батыш тарабынан Жаңы-Жол көчөсүнүн чыгыш тарабына чейинки аралыкта Ленин көчөсүнүн түндүк тарабы болуп саналат. Мектеп типтүү болуп эсептелинет. Үч кабаттан туруп, толук орто билим берүү мекемеси болуп саналат.
Билим берүү уюмунун жетекчиси: Усубалиев Ашырбек Жапарович.
Чет тилдерден англис тили окутулат.
Окуу эки сменде жүргүзүлөт.
Окутууну уюштуруунун шарттары бардык балдарга, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга негизги жалпы билим алууга жана 10-11-класстарда окуусун уланткысы келген окуучуларга орто билим алууга шарт түзүлгөн.
Мугалимдердин билимин өркүндөтүү боюнча мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.
Окуучуулар менен иш алып барууда акысыз ийримдердин түрлөрү иштейт.
Башталгыч класстарга ысык тамак уюштурууда мектептин ашканасында толук шарт түзүлгөн.
Мектепте окуу-тарбиялоо процесинин жүрүшүнө шарт түзүлгөн.
Мектепте азыркы тапта 26 класс кабинетте окуу жүргүзүлөт.
Башталгыч класстарынын окуучуларына “Бирге окуйбуз» жана “Керемет окуу” программасы боюнча класс кабинети иштейт.
Дене тарбиясы сабагын өтүү үчүн Спорт залы бар.
Мектепте окуу процесин жакшыртуу жана окуу материалдык базасын чыңдоо боюнча ар кандай эл аралык долбоорлор менен ата-энелер, камкордук кеңеши, коомчулук, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу бийлик органдары жана өнөктөштөр менен тынымсыз иш алып барат.
Окуучулардын ден соолугун текшерип, көзөмөлдөө үчүн медициналык кароодон өткөрүлүп, мектепке бекитилген медайым иш алып барууда
Окуучулардын коопсуздугу үчүн мектепте видое көзөмөлдөө камералары, санитайзерлер орнотулуп, жугушсуздандыруучу каражаттар менен камсыз болгон.
Мектепте химия, физика жана биология лабораториялары иштеп, зарыл болгон көлөмдөгү препараттар менен камсыз болгон.
Мектепте компьютердик класс каралган. Интернет булагы менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин каржылоосу менен оптоволокно тутамына кошулган.
Мугалимдер, окуучулар жана ата-энелерге жеткиликтүү тиркеме аркылуу электрондук журнал, күндөлүк системасы киргизилген.
Мектептин электрондук баракчасы соц. тармактарга жайгаштырылып, электрондук почтасы ([email protected]) жана вебсайты иштелип чыккан. (jakypov.mektbim.kg)
2020-2021-окуу жылында төмөндөгүдөй класс комплектиси ачылды. Жалпы 25 класс комплект, 480 саат «Наристе» программасы менен даярдоо классынан 2 класс, мунун ичинен 20 орус тилинде окутулган класстар, 5 кыргыз тилинде окутулган класс.
Мектепте жалпы: 577окуучу анын ичинен 297 кыздар.
480 саат “Наристе» программасы 41 \21
Үйдөн окутуу -3/2 окуучу
1-4-класс- 217/1 окуучу
5-9-класс- 233/116 окуучу
10-11-класс- 83/48 окуучу
0-11-кл — 577/297 окуучу
Мектепте бүгүнкү күндө 40 мугалим эмгектенет, анын ичинен 11 мугалим “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин ээлери.
Бүгүнкү күндө мектеп ар кандай эл аралык уюмдар менен иштешип келе жаткан өнөктөштөр:
• Корпус мира.
• МЕРСИКО эл аралык уюму.
• “Ага-Хан” мектептер 2030 долбоору
• MSDSP КС,.
• USAID “Бирге окуйбуз”, “Окуу керемег”
• АКШнын католикалык фонду