2020-2021-окуу жылындагы аткарылган иштерибиз.
Саламатсыздарбы Кычан Жакыпов атындагы орто мектебинин ата энелери, мугалимдери, окуучулары жана бутуруучулору, 2020-2021-окуу жылынын аякташы менен жалпы бутуруучулорду куттуктайм.
Мурдагыдай салтанаттуу тартипте иш-чаралардын отулушуно пандемияга байланыштуу болбой калышын бутуруучулор туура тушунушот деген ойдомун. Ошентсе дагы аралыктан видео куттуктоолорду жибердик. ЖРТнын жыйынтыгы жакшы болуп, оюнардагы окуу жайга отуп алышынарга тилектешпиз. Оорудан, кырсыктан сырткары болгула демекчибиз. Окуу жылын кандай жыйынтыктадык, кандай ийгиликтер, саамалыктар коштоду, жыл ичинде эмнелерди жасай алдык, дегеле мектебибиздеги болуп жаткан иштер тууралуу азыноолак кабардар кылып, жакшы жактарыбыз, кубанычтарыбыз менен болушолу дедик.
Окуу жылынын башында жарыяланган «Мыкты мугалим», «Мыкты окуучу», «Мыкты класс», «Мыкты класс жетекчи»сынактарынын жыйынтыгы чыгарылып, демоорчулук кылган ЖК экс спикери Турсунбеков Чыныбай Акуновичтин бир туугундары, уй-булосу жана Нарын педагогикалык колледжинин директору Койчубек Султаналиев (омурлук жолдошу маркум Жумакадырова Гулмира атындагы), Афган согушунун ардагери, 3 жолку Кызыл жылдыз ордендеринин ээси, азыркы учурдагы корком онор сабагынын мугалими Сатаров Болот Жумагулович атындагы стипендиялары, мектептин кесиптик кошуунунун акчалай сыйлыктары менен, алдынкы окуучулар, мугалимдер сыйланышса, мектеп жетекчилигинин ардак грамоталары, ыраазычылык каттары менен окуучулар, мугалимдер, ошондой эле техникалык кызматкерлер жана демоорчулорго, ата энелерге ыраазычылык каттары тапшырылды. Тагыраак айтканда Чыныбай Акунович атындагы стипендиянын колому 90000(токсон мин) сомду тузсо, Болот Сатаров агайыбыз 4500 сом, Койчубек Султаналиев агайыбыз откон жана быйылкы жыл учун 7000сом, ал эми профсоюз уюму 5000 сом болуп, жалпы суммасы106500 сомду тузду. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу мындай коломдогу стипендия болбосо керек эле. Албетте тени онлайн, андан кийин реалдуу режимдеги аз убакыттагы мезгилде укмуш кылдык дегенден алысмын, бардыгы салыштырмалуу болду, жакшылардын арасынан мыктысын тандаганга аракет кылдык, сынактын жыйынтыгын чыгарыш керек болду. Бир жагынан караганда окуучулар, мугалимдер учун мотивация, стимул болсо кийинки окуу жылда атаандаштыкты кучотуп аракет кылганга уйротолу, шыктануу болсун дедик. Албетте сыйлыктын дагы баркы, баасы жана корсоткучу болуш керек. Ички жоболорубузга ылайык критерийлерге таяндык, анын талаптарын дагы макулдашып озгортобуз. Жогорудагы жагымдуу иш-чаралар менен катар эле аталган мектепте эмгектенип директорлук, окуу болумунун башчысы, ага чейин физика мугалими кызматын аркалап келген 2020-жылы 3-июлда пневмониянын кесепетинен коз жумган «Билим беруунун мыктысы» тош белгисинин ээси, бир нече сыйлыктарга татыктуу болгон маркум Абакирова Какин эжекебиздин атындагы физика кабинетинин ачылыш иш-чарасы 25-майда откорулуп, ага атайын чакырылган КРО Нарын облусундагы ыйгарымдуу укуктуу окулу Ашимбаев Сабыркул Абасович, Нарын облустук усулдук билим беруу борборунун директору Мамытов Казымбек Ниязалиевич, Нарын шаарынын мэри Молдокадыров Нурбек Асыранкулович, вице-мэри Жумакадырова Назира Мамытовна, Шаардык кенештин торагасынын орун басары Ниязбеков Талант Замирбекович, Нарын ШБББ усулчусу Кыдыралиева Анара Тойматовна, Какин эжекенин омурлук жолдошу, демоорчу-Алымкулов Бекиш ата жана уй-булосу, бир туугандары, жакын адамдары, ММКнын окулдору, ардагер мугалимдер жана педагогикалык жамааттын катышуусунда биринчи болугу мектепте болуп отуп, экинчи болугундо эженин арбагына куран окутулду.
Бекиш агайдын уй-булосунун, бир туугандарынын колдоосу, демоорчулугу менен физика кабинетин 18парта, 36 стул, 1доска, 1мугалимдин столу, дубал такталар, шкаф, класстык болмого толугу менен килемдер, 1компьютер, кийим илгичтер менен жабдып, класстын ичин заманбап курулуш материалдары, жарыктандыруу менен камсыздап, ондоп беришти. Жалпы баасы 286000 сомду тузду.
Мектеп жана чакырылган тараптар Бекиш атага, курулушчуларга жана уй булосуно белектерин тапшырып, ыраазычылыктарын билгизишти. Жакын тууганы, Бишкек шаарындагы N5 гимназия мектебинин директору жаны берилген компьютерге 100 окуу китебинин электрондук вариантын жуктоп береерин убада кылгандыгын айтты. Бул белек учун биздин кубанычыбызга чек жок. Мектеп боюнча автордук кабинеттердин саны бул жолкусу менен бешинчиси болду. «Олгондор баркталмайын-тируулор данкталбайт » дегендей Чыныбай агайдын, Какин эжекебиздин жана Гулмира эжелердин арбагы ыраазы болсун. Жогорудагы адамдардын жонокой уй-булолордо чоноюп, жонокой эмес кызматтарды аркалап, эл учун, келечек муундарга калтырган изи, эмгеги учун таазим кылам. Башында айткандай мектептин ички мумкунчулуктору ижара акысынын эсебинен азыркы учурда мектеп мебелдери, 1-2-кабаттардын жасалгалоо иштери учун форекс материалдары, эл.жарыктандыргычтар, гул остуруучу челектер, гул койгучтар даярдалып, мектеп дарегине карата коломдуу тамгалар менен жазылган материалдар, эшиктердин кырларына (откос) беките турган вагонка жана МДФ материалдары, класстык бурчтар алынып келип куралып жатат жана кезектеги ремонт иштери менен удаа эле жаны окуу жылына карата даярдоо алдында турабыз.
Мектептин веб-сайты иштелип чыгып, интернет желесине жайгаштырылды, кабарлар, жанылыктар менен ал жактан таанышсаныздар болот. Жеткиликтуу ылдамдыктагы оптоволокно деп аталган интернетке Кыргызтелеком ААК аркылуу КР Билим беруу жана илим министрлигинин каржылоосу менен туташа алдык. Интернет кызматын башталгыч класстарында, 2 усулдук кабинетинде пайдалануу менен министрликтин сайтындагы электрондук китеп, электрондук китепкана кызматтарынан пайдалануу мумкунчулуктору пайда болду. Интернет кызматынан пайдалануу окуучулар, мугалимдер учун жеткиликтуу болуп, атайын график тузулгон.
Ал эми устубуздогу жылдын июнь айынын ичинде заманбап улгудогу козомолдоо камералары мектеп ичине жана периметр боюнча сыртына зарыл санда орнотууну аткарабыз деп турабыз. Мугалимдердин ички ынтымагы катары озубуз уюштурган чакан фондубуз менен жыл ичинде мугалимдер болмосун жакшынакай кылып жазап, эмеректер менен жабдып алдык.
Компьютердик классын оз каражатынын эсебинен жасалгалап жаткан информатика мугалими Гульбара Дуйшоковна эжекебиздин демилгеси жана аракети мактоого татыктуу. Сентябрь айынан баштап 9 кабинеттин ичин 9 айда (ай сайын бирден) заманбап улгудо ондоп-тузоп,жасалгалап алуу жолдорун таап макулдашып жатабыз.
Жогорку жакты карап,ким эмне берет дебей,инвестор бул — озубуз экенибизди билсек жакшы. Бул иштерди кудай буюрса колго алабыз, ал учун мектепте эмгектенген жамааттын ар биринин ден-соолугу, ынтымагы, ишине болгон жоопкерчиликтуу мамилеси жана оз ишинин фанаты болсун, деп тилек кылам жана чыгармачылык менен эмгектенууго чакырам. Алдыда жазай турган иштер арбын, билим сапатын жогорулатуу- негизги тапшырмабыз жана позициябыз.
Негизги койгой болгон ашканадагы реконструкциялоо иштери, мектептин жылуулук тутумун жана фасаддык болугун жакшыртуу о.э. медиа ресурстук борбор ачуу, жыйындар залын ылайыкташтыруу, жашыл зоналарды уюштуруу (растение и цветы), ийрим иштерин жакшыртуу боюнча толук кандуу шарттарды тузуу, дене тарбия сабактары учун спорт инвентарлары менен реалдуу турдо камсыз кылуу, фильтрлоочу санариптешкен туннель орнотуу, устакана ачуу жана аны жабдуу, айрым предметтерди терендетип окутуу, ЖРТ, олимпиадага даярдоого карата приоритеттуу багыттагы иштердин устунон иштоо керек жана бул койгойлорду чечуу учун шаардык кенеш, мэрия, жаштар, ишкерлер, меценаттар жана билим берууго кайдыгер карабаган ага, инилерди чакырат элем.
Бугун кечинде министрликтен кабарлагандай институционалдык жана программалык деп аталган 2 багыттагы аккредитациядан ийгиликтуу откондугубузду билдиришти. Суйунуу менен жалпы жамаатымды куттуктайм.
Урматтуу окурман томондогу жайгаштырылган суроттор жасалган иштер же иш-чаралардын айрым гана болуктору. Текстин узактыгына карабай окуп чыккандыгынызга рахмат, билим беруу жаатындагы бардык коллегаларыма, ата энелерге, окуучуларга, мугалимдерге, демоорчулорго ден соолук, ийгиликтерди каалайм. Мумкун болсо негатив, жаман комментарийлерди жазбай эле койсонуз, бардыгыныздарды терен урматтоо менен Ашырбек Жапарович.
Комментарии