Аккредитация
Мектептин миссиясы: Билим берүүнүн стандарттары жана концепцияларындагы заманбап технологияларды пайдалануу менен, окуучулардын компететтүүлүгүн арттыруу аркылуу, келечектеги жашоосуна ыңгайланышына жетишүү.
Мектептин максаты:
—Мамлекеттин билим берүү стандартынын базалык негизинде сапаттуу билим берүү.
— Баардык мектеп жашындагы балдарга бекер билим берүүнү камсыз кылуу менен, билим берүүдөгү заманбап өзгөрүүлөргө, талаптарга ылайык билим берүүнүн, тарбиялоонун сапатын камсыз кылуу.
— Бардык кызматкерлер, окуучулар арасында психологиялык, физикалык жактан коопсуз чөйрө түзүү
-Экинчи, үчүнчү баскычта кесипке багыт берүү менен окуучулардын жашоого ыңгайлашуусуна жана билимин, көндүмдөрүн жашоодо пайдаланууга багыт берүү.
Мектептин милдеттери:
Сапаттуу билим берүү менен бирге алган билимин жашоосунда колдоно билүүсүнө үйрөтүү
Окуучулардын коопсуздугун сактоо менен физикалык жактан ден соолугун чындоо.
Сабырдуулукка, патриоттуулука, ыймандуулукка, айлана чөйрөнү коргоого тарбиялоо.
Окуучулардын инсан катары маданияттуулугун калыптандыруу
Миссия жана максатты ишке ашыруу үчүн стратегиялык пландын багыттары:
- Окуучулар менен иш алып баруу
- Мугалимдер менен иш алып баруу
- Ата-энелер, коомчулук, бийлик органдары жана башка өнөктөштөр менен иш алып баруу
- Мектептин материалдык техникалык жана окуу материалдык базасын чындоо боюнча иш алып баруу
Комментарии