Балдарга карата ырайымсыз мамилени жана үй-бүлөлүк зордук — зомбулуктун алдын алуу, зомбулуктун кесепеттерин зомбулуксуз чечүүнүн жолдору
Балдарга карата ырайымсыз мамилени жана үй-бүлөлүк зордук — зомбулуктун алдын алуу, зомбулуктун кесепеттерин зомбулуксуз чечүүнүн жолдорун талкуулаган иш чара болуп өттү. Окуучулар зомбулуктун айрым түрлөрүн чагылдырышып окуя боюнча көйгөйдү чечүү жолдорун кызуу талкуулашты. Келген коноктор тарабынан укуктуктук кеңештер берилип, акыл насаат сөздөрү айтылды.
Иш чарага Нарын шаарынын вице-мэри Жумакадырова Назира Мамытовна, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мамбетов Кубан Тукешович, Нарын облустук усулдук билим берүү борборунан, Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнөн, социалдык коргоо кызматкерлери жана дин кызматкерлеринен өкүлдөр келип окуучулардын кызыккан суроолоруна жооп беришти.
Комментарии