Султаналиева Айзат Жумабековна

Чет тили сабагынын мугалими

Султаналиева Айзат Жумабековна 10-июнь, 1984- жылы туулган. Үй бүлөлүү. Үч баланын энеси. 2008-ж НМУ. Филология факультетин бүтүргөн
Эмгек жолун Жумгал районундагы Чаек айылынын М.Алыбаев орто мектебинен баштаган. Англис тили мугалими жогорку билимдүү, өзүнүн кесибине жоопкерчиликтүү карап, окуучулар менен жагымдуу жагдайларды түзүп, коллектив менен тил табыша алган ошондой эле педагогикалык ишин татыктуу аркалай алган мугалим катары көрсөтө алат . Окуткан окуучулары шаардык, областтык олимпиадаларда алдынкы орундарды ээлешет .“Жылдын мыкты мугалими 2008-жыл” кароо сынагына катышып III-орунду камсыз кылган. Шаардык ар кандай сынактарга окуучулары катышып байгелүү орундарды алып келишет. Предметке байланыштуу декадаларды, жумалыктарды, ачык сабактарды мектептен жана класстан тышкаркы иштерин мыкты денгээлде уюштуруп, өтүп келе жатат. Коллективдин, окуучулардын жана ата-энелердин арасында кадыр баркка ээ.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин грамотасы, Нарын шаардык мэриясынын грамотасы, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн грамотасы. Кыргыз Республикасынын мугалимдер конгрессинин”Ардак грамотасын” жана 2017-2018 окуу жылында К.Жакыпов атындагы №5 орто мектеби тарабынан “Жылдын мыкты мугалими” наамын алган.
Предметке байланыштуу декадаларды, жумалыктарды, ачык сабактарды мектептен жана класстан тышкаркы иштерин мыкты денгээлде уюштуруп, өтүп келе жатат. Өздүк билимин көтөрүүгө дайыма аракет жасайт.