Алапаева Шааза Кулубаевна

математика сабагынын мугалими

Мен Алапаева Шааза Кулбаева 1966-жылы 14- мартта Нарын облусунун Нарын районундагы Алыш айылында кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөм.
Жети жашымда Нарын районундагы Ленин орто мектебинин 1- классына 1973-жылы кирип,10- классты ушул эле райондогу 8- март орто мектебинен 1983- жылы бүтүргөм.
1983- жылы В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер институнун физика- математика факультетине кирип,аталган институттун толук курсун 1988- жылы «Математика,информатика жана ЭТ мугалими » адистигине ээ болуу менен аяктадым.
Эмгек жолумду 1989-1991-жылдары Нарын районундагы Эмгек-Талаа орто мектебинде математика мугалими болуп иштөөдөн баштадым.
1991-1993-жылдары Нарын районундагы Кеңеш орто мектебинде математика мугалими
1993-1996- жылы Алыш орто мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы,
1996-2005- жылы Нарын облустук Билим берүү башкармалыгында 1-категориядагы адис,
2006-2012- жылы Кеңеш орто мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы,2012-2015- жылы Нарын шаарындагы Кычан Жакыпов орто мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы,2015- жылдан бери аталган мектепте математика мугалими болуп иштөөдөмун.
Иштеген мезгилден бери Нарын райондук билим берүү,Облустук билим берүү бөлүмдөрүнүн,Облустук администрациянын «Ардак громаталары» менен сыйландым.