Токтакунова Салтанат Насырымбековна

Математика мугалими

Токтакунова Салтанат Насырымбековна Нарын шаарындагы Кычан Жакыпов атындагы орто мектебинде 3 жылдан бери эмгектенет.Ишке жөндөмдүү, жоопкерчиликтүү, кесибин сүйүп билген педагог катары окуучуларына талыкпастан билимин тарбиясын берип келет. 2019- окуу жылында Нарын шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган “жаш мугалимдер” конкурсунан 2 орунду камсыз кылган.

Дистанттык окуу учурунда жаңы информациялык технологияларды колдонуу менен иш алып барып, видеосабактарды даярдай алды. Дистанттык окуу учурунда он-лайн форматта өткөрүлгөн Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган фестивалында окуучуларга класстан тышкаркы видеосабактарды жана Улуу Жеңишке арналган слайддарды мыкты деңгээлде даярдай алган.
Коллективдин жана окуучулардын .ата-энелердин арасында кадыр-баркка ээ.
Үй-булөлүк абалы: Үй-бүлөлүү
Сыйлыктары: Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн грамотасы,Нарын шаардык мэриясынын Ардак грамотасы